БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 45 мал базар иштейт, анын ичинен 25и гана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Анда белгиленгендей, талаптарга жооп бербеген 14 мал базарга суммасы 122 миң сом айып салынган.
Облустар боюнча алып караганда:
Баткен облусунда сегиз мал базар бар, анын ичинен алтоо ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет;
Жалал-Абад облусундагы 11 мал базар иштесе, алардын төртөө гана ойдогудай иштейт;
Ош облусундагы тогуз мал базар тең ветеринардык-санитардык стандарттарга шайкеш келет;
Чүйдө сегиз мал базар иштейт, анын баары ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербейт;
Нарын облусунда төрт базардын ичинен эки мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет;
Ысык-Көл облусунда эки мал базар иштейт, анын бири талаптарга жооп бербейт.
Талас облусундагы үч мал базар бар, үчөө тең талапка ылайык иш алып барат.