Сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндер үчүн борбор түзүлөт

Улуттук кеңеш 2030-жылга чейин аял лидерлерди колдоо боюнча мамлекеттик программанын долбоорун колдоп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстанда сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерге жардам көрсөтүүчү борбор түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.
Маалыматта өкмөттүн алдындагы Гендердик өнүгүү улуттук кеңешинин жыйыны өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төрагалык кылганы айтылат.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун ар кыл секторундагы жетекчилик кызматтарга аял кишилердин келиши тууралуу сөз болуп, Улуттук кеңеш 2030-жылга чейин лидер аялдарды колдоо боюнча мамлекеттик программанын долбоорун колдоп берди.
"Мындан тышкары, аялдарга каршы жасалган резонанстуу зомбулук учурлары талкууланып, кыз-келиндердин зомбулукка кабылышына каршы өткөрүлө турган кампаниянын иш-чаралар планы бекитилди. Өнөктүк 25-ноябрда старт алат", — деп айтылат маалыматта.
Жыйын соңунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине министрлер кабинетинин Бишкекте сексуалдык жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерге жардам көрсөтүү боюнча борбор ачуу чечиминин долбоорун даярдоо тапшырылды.
Үтүк басып, зордуктаган! Чогуу жашаган эркектен жабыркаган аял жардам суроодо