Индия менен Кытайдын жарандары Кыргызстанда визасыз 7 күн жүрө алат

Кытайдын бир катар аймактарынын тургундары үчүн бир ай, тагыраагы, 30 күнгө берилмей болду.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстан Индия жана Кытайдын жарандары үчүн жети күндүк визасыз режим киргизерин ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Бул АКШ, Улуу Британия жана Шенген зонасы сыяктуу өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү визасынын ээлерине тиешелүү экени, алар өлкөдөн чыгып кеткенден 21 күн өткөндөн кийин кайра визасыз кире алары айтылды.
Кытайдын бир катар аймактарынын тургундары үчүн бир ай, тагыраагы, 30 күнгө берилмей болду.
"Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары үчүн кайра кеткенге авиабилет болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет. Мында Кыргызстандан чыккан күндөн тартып 30 күн өткөндөн соң кайра кирүү укугу берилет", — деп айтылган маалыматта.
Ал эми индиялыктарга виза берүүдө административдик аймактарга бөлүп, өзгөчө шарттар каралган эмес.
ТИМден мындай чаралар туристтерге стимул берүү жана өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшыртууга багытталганын айтышты.
Байсалов: Кыргызстан Кытай жарандарынын бир бөлүгү үчүн визасыз режим киргизет