БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстанда келе жаткан аптада ШКУ, КМШ жана Евразия алкагында үч ири иш-чара өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тагыраагы, 25-26-октябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны болот. Ага улай 26-27-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин кеңеши менен Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтмөкчү.