БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" кийинки жылы жаңы кеңсенин курулушун баштай турганын компаниянын президенти Алмазбек Барыктабасов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин жыйынында билдирди.
Ал ишкананын кеңсеси учурда "Учкун" басмаканасынын имаратында жайгашканын эске салды.
"Министрлер кабинети Бишкектин түштүк тарабынан жер бөлүп берген. Жыл аягына чейин курулуштун планы менен долбоору даяр болушу керек, 2024-жылы курулуш башталат", — деди Барыктабасов.
Эскерте кетсек, "Кумтөр голд компани" 2022-жылы басмакана имаратынан башка жакка көчкөн. Бирок ижара акысынын кымбаттыгы коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, ишкана "Учкунга" кайткан. Кийинчерээк министрлер кабинети борбор калаанын түштүк жагынан жаңы кеңсе үчүн жер бөлүп берген. Ошол кездеги жетекчи Теңиз Бөлтүрүккө эскертүү берилип, жыл ичинде жаңы кеңсе куруп көчүп кирүү тапшырмасы коюлган. Бирок бул ишке ашкан эмес.