Кыргызстандын кайсы облусунда калк жыш жайгашкан

Орто эсеп менен бир чарчы чакырымга 35,2 адам туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстандын кайсы облусунда калк жыш жайгашканы тууралуу маалымат берди. Эсеп 2023-жылдан тарта жүргүзүлүп, Бишкек менен Ош шаарлары тизмеге кирген эмес.
Жалпы территория 199,9 чарчы чакырымды түзөт. Эскерте кетсек, былтыр октябрда Кыргызстан калкынын саны жети миллионго жеткен.
Облустар боюнча маалымат:
Чүй — 52,9;
Ош — 50,4;
Жалал-Абад — 38,9;
Баткен — 33,6;
Талас — 24;
Ысык-Көл — 12,5;
Нарын — 6,8.
Сентябрда өлкө ИДПсы 808 млрд. сомду түздү. Салыштыруу