Серепчи Наталья Дембинская РФ менен ЕБдин экономикалык жагдайларын салыштырган. Автордун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Аталган континентте негизги көрсөткүчтөр эң төмөн деңгээлге түштү. Францияда экономика кыйроо туурасында жар салышты. Ал эми Германияны Европа биримдигинин эң чабалы деп аташты.
Ишкердик активдүүлүк
S&P Global эл аралык рейтинг агенттигинин маалыматы боюнча, өндүрүш тармагында ишкердик активдүүлүктүн көрсөткүчү (PMI) 54,5ке көтөрүлдү. Август айында бул 52,7ни түзгөн. Эгер 50дөн ашып кетсе – өнөр жай өрчүп, төмөндөп кетсе – чабалдайт. Россияда жети ай бою катары менен өсүш катталды.
Талдоочулар бул көбүнесе ички суроо-талап менен шартталганын белгилешет. Реалдуу сектордогу жумуш менен камсыз болуу көрсөткүчү 23 жылдан бери абдан ыкчам ыргакта жогорулап барат. Ошондой эле S&P Global операциялык шарттардын кескин жакшырганын да каттаган. Мындай динамика — тышкы чектөөлөргө ынанымдуу түрдө ыңгайлашуунун жыйынтыгы, процесс болжонгондон да тез жүрүүдө. Кайра иштетүү өндүрүшү, курулуш, чекене жана дүң соода кеңейүүдө.
Өндүрүштүк өсүш
РФ Мамлекеттик статистикалык федералдык кызматынын маалыматы боюнча, август айында өндүрүш 5,4 пайызга өскөн. Апрель-май айынан тарта өнөр жай 2020-жылдык көрсөткүчтөрдөн 110 пайыздык деңгээлде кармалып турат. РФ Борбордук банкы маалымдагандай, жылдын экинчи чейрегинде өндүрүштүк кубаттуулук 81 пайызга жеткен. Бул – тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч. Биринчи чейректе 80,3 пайызды түзгөн. Бул жагынан кен казуу ишканалары алдыда, тагыраагы, 82,6 пайызды, ал эми кайра иштетүү тармагында бул көрсөткүч – 75,6 жана курулушта – 77,7 пайызга чыккан.
Заводдор "багытты ички суроо талапка буруу, импортту алмаштыруу программасын активдештирүү шартында" өндүрүштү заманбапташтырып, товар айлантуу улам жогорулап барат. Албетте, инвестициялык активдүүлүк күчөйт. Рекордду Егор Гайдар атындагы Экономикалык саясат институту (ИЭП) да каттаган. Жылдын алгачкы эки чейрегинин жыйынтыгы боюнча өндүрүш — 76,7 пайызга чыккан, ал эми былтыр бул 76,5 пайызды түзгөн. Кагаз жана кагаз буюмдарынын өндүрүшү — 83,6, текстиль жана кийим тигүү — 81,5 пайызды түзүп, алдыңкы сапка чыккан.
Импорттун орду активдүү түрдө жергиликтүү ишканалар менен алмаштырылууда. Жылдын биринчи жарымында компьютер, электрондук жана оптикалык буюмдарды чыгаруу 71,6 пайызга, автотранспорттук каражаттар, чиркегич жана жарым чиркегичтердин өндүрүшү — 51,7, даяр металл буюмдары — 45,8, эмерек — 34,3, электр жабдууларын чыгаруу — 32,1, кийим-кече — 44 пайызга чыккан.
Батыш маркаларынын Россия аймагынан кетиши бул державанын жеңил өнөр жайына чоң түрткү берди. Тазалоочу каражаттар жана косметика, кийим-кече, жаныбарлар үчүн азык чыгаруучулар да өз көрсөткүчтөрүн бир топ жогорулатты. Логистика, жүк ташуу тармагы да өнүгүүдө. Экинчи катардагы санкциялардан чочулаган чет өлкөлүк мунай сатуучулар россиялык кара алтынды ташуудан баш тартканы РФтин кеме транспорттук ишканаларынын буюртмалары өскөнү байкалган.
Европадагы көңүл чөгөрткөн кырдаал
Европада кырдаал таптакыр башка. Улуу Британияда ишкердик активдүүлүктүн көрсөткүчү (PMI) сентябрда 46,8 пайызга (августта — 48,6) төмөндөгөн. Бул – эки жарым жылдан берки минимум. Тейлөө тармагы да чабалдап, өндүрүш кыскарды. Экономикалык активдүүлүк төмөндөп жатканын белгиледи S&P Global эл аралык рейтинг агенттиги. Бир квартал ичинде ички дүң өндүрүм 0,4 пайызга түшүп, бул менен токтоп калган жок.
Германияда Мюнхен университетинин Экономикалык изилдөөлөр институтунун отчётуна ылайык, бул көрсөткүч апрель айынан бери улам төмөндөп келет. Курулуш тармагындагы абал – 2009-жылдын январынан берки минимум. Компаниялар ишкердик кырдаал начарлап кеткенин моюнга алышат. Көпчүлүгүнүн маанайы да чөгүңкү.
Германия экономикасы да рецессияда. Ички дүң өндүрүм жылдын биринчи чейрегинде былтыркы жылдын соңку чейрегине салыштырмалуу 0,3 пайызга азайган. Үчүнчү кварталда деле абал жакшырып кетери күмөн, себеби өнөр жай жаатында өсүш жок, ал эми жеке керектөө көп нерсеге таасир эте албайт деп айтылат Бундесбанктын сентябрь айындагы экономикалык отчётунда.
Британиянын The Telegraph басылмасы Германия Европа биримдигинин эң чабал экономикасына айланганын белгилейт. Бүтүндө еврозонанын көрсөткүчү — 43,4тү түзөт. Ал эми өндүрүштүн төмөндөшүнө энергетикалык ресурстардын кымбатташы, араанын ачкан инфляция жана Европа Борбордук банкынын пайыздын чендери себеп. Франция экономикалык кыйроону оозанып, буга европалык бийликти айыптады.
"Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппо жакында эле каржы министри Брюно Ле Мэр "россиялык экономиканын чабалдай турганын" убада кылганын, бирок анын ордуна франциялык экономика кыйраганын эске салды. Ал тургай, "Россияда 2023-жылы ички дүң өндүрүмү 1,5 пайызга, ал эми еврозонада — 0,8 пайызга жогорулайт", — деп ачууланды.
Өсүш өргө сүрөйт
Сентябрда эл аралык институттар Россия боюнча божомолдорго кайрадан түзөтүүлөр киргизилди. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун докладында (ОЭСР) 2023-жылы экономикалык өсүш 0,8 пайызга, келерки жылы 0,9 пайызга жогорулай турганы айтылган. Эл аралык валюталык фонд (МВФ) быйыл үч ирет божомолун өзгөрттү. Атап айтканда, январда 0,3 пайыз, эми — дароо бир жарым, ал эми 2024-жылы — 1,3 пайызга көтөрүлөт деп боолголошкон.
Бириккен Улуттар Уюмунун божомолу боюнча, Россия быйыл Ири жетилик ичиндеги экономикалык өнүгүшү ылдамдай турган аз сандагы өлкөлөрдүн бири болмокчу. Бул туурасында Соода жана өнүгүү боюнча конференцияда (ЮНКТАД) билдиришти. Эл аралык башкы уюмдун талдоочулары ички дүң өндүрүм быйыл 2,2 пайызга, келерки жылы эки пайызга жогорулай турганын жоромолдошту.