Кара-Балтада алтын куймаларын чыгарган ишкананын курулушу башталды

Заводдо тыйындар, сувенирдик тыйындар, медалдар, ар кандай көлөмдөгү ордендер да чыгарылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Кара-Балта шаарында "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун "Аффинаж заводунун" филиалынын базасында өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушу башталганын өкмөт кабарлады.
Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышкан. Ишкана президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулууда, бул өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи завод экени айтылды.
1 / 2

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун "Аффинаж заводунун" филиалынын базасында өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушу башталганын өкмөт кабарлады

2 / 2

Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышкан

Төрөбаев долбоордун өлкө үчүн маанилүүлүгү жогору экенин белгиледи. Аны ишке ашыруу менен баалуу металлдарды ата мекендик рынокто өнүктүрүү жана алардын жүгүртүлүшүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлмөкчү.
"Буга чейин өлчөнгөн алтын куймалары чет өлкөдө чыгарылып келсе, мындан ары Кыргызстанда чыгарыла баштайт. Мындан тышкары, тыйындар, сувенирдик тыйындар, медалдар, ар кандай көлөмдөгү ордендер чыгарылат. Өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу үчүн Италия менен Германиянын алдыңкы заманбап технологияларын колдонуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Жалпы 1,5 миң чарчы метр аянтка салына турган ишкана 2024-жылдын биринчи кварталында ишке кирмекчи. Имараттын курулушун "Кыргыз алтын" каржылоодо.
Кыргызстан 8 ай ичинде 8,7 тонна алтын сатты. Кимдер алды?