Мэрия Бишкекте жол кирени 20 сомго көтөрүүнү сунуштап, себебин тизмектеди

Муниципалитет жаңы тариф шаардагы экологиялык абалды жакшыртып, жүргүнчүлөрдү ташуунун сапаты жогорулаарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы ордо калаада коомдук транспорттун жол кире акысын 20 сомго көтөрүүнү сунуштап жатат.
Муниципалитеттен кабарлагандай, мындай тарифти транспорттун бардык түрүнө (автобус, маршрутка, троллейбуска) киргизүү пландалууда.
Мэрия жол кирени кымбаттатууга бир нече фактор себеп болуп жатканын айтып, аларды санап берген. Анын ичинде күйүүчү майдын кымбатташы, айдоочулардын айлык акысына нааразы болушу, кадр жетишсиздиги сыяктуу бир топ маселе бар.
Мэрия жаңы тариф шаардагы экологиялык абалды жакшыртып, жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жогорулатарын айтты.
Жол кирени жогорулатуу боюнча долбоор Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, учурда Бишкекте маршруткаларда жол кире акысы 15 сом болсо, автобус, троллейбустарда жүргүнчүлөр 11 сом төлөшөт.
Мэрия жаңы автобус айдоочуларын кабыл алууда талаптарды күчөтөт. Себеби