Жасалма интеллект журналистиканы сүрүп чыгарабы. Эксперттин пикири

Жасалма интеллект өкүмүн жүргүзгөндөн кийин журналистика кадимки калыбында калар-калбасы туурасында эксперт айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Эксперттердин пикирине караганда, журналистика жасалма интеллект кеңири жайылып, адамзаттын жашоосуна сиңип калгандан кийин деле маанисин жоготпойт. Бул туурасында Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун социалдык саясат борборунун жетекчиси Александр Кулинский Түрк мамлекеттери уюмунун ЖМК жана маалымат боюнча жумушчу тобунун 10-отурумунда айтты. Ал докладын жаңы кесиптер боюнча Атласка жана Британия өкмөтүнүн тапшырмасы менен өткөрүлгөн изилдөөгө таянып даярдаган.
Негизги учурлар:
Кыргызстанда басылган ЖМКлар, тагыраагы, гезит-журналдардын доору бүтүп бара жатат, андан сырткары, эл телевизорду аз көрө баштады;
чет мамлекетте өткөрүлгөн иликтөөгө таянсак, элдин көбү, тагыраагы, 24 жашка чейинкилер маалыматты интернеттен алат. 2035-жылга карата "Гутернбергдин күнү бүтөт" (китеп басып чыгарууну ойлоп тапкан) деген божомол бар. Эми аны мезгил көрсөтөр. Жакынкы жылдарга чейин күтө туралычы;
Москва мамлекеттик университетинин экономика факультетинин деканы Александр Аузан чыгармачылыкка байланышкан кесиптер жок болуп кетпей, кала берерин айтат. Кулинский журналистика да анын катарына кирерин белгиледи;
жаңы кесиптер боюнча Атласта маалымат рыногуна байланышкан ондой кесип бар. Мисалы, алар — агрегатор контентинин редактору (керектүү маалыматты ар бир окурманга ылайыктайт) же инфостилист (окурманга маалыматты таза илимий стилде же жалпак тил ж.б. ыкмада берүүнү аныктайт).
Окумуштуулар адамзатты эмне кыйратып жок кыларын айтышты