БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Израиль-Палестина чатагынан улам АКШда теракт кооптуулугу күчөп жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Жозеф Байден CBS телекомпаниясына берген маегинде белгилегенин РИА Новости жазды.
"Ооба", — деген ал Жакынкы Чыгыштагы окуялардын артынан АКШда терактылар кооптуулугу өсүп жатабы деген суроого.
Байден бул теманы талкуулоо максатында тартип коргоо органдарынын, атайын кызматтын өкүлдөрү менен жолуккандыгын билдирген. Кошмо Штаттардын президенти жардыруулардан алысыраак болуш үчүн өлкө болгон күчүн жумшап жатканын кошумчалаган.