БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Кытайдын "Бир жол — бир алкак" демилгесинин алкагында ЕАЭБ менен аталган мамлекеттин кызматташтыгы боюнча РФ өкмөтүнүн сунуштары менен таанышканын, ал боюнча жакшы жыйынтыктарды күтүп жатканын айтты.
Путиндин Кытайдын медиакорпорациясына курган кеңири маеги Кремлдин сайтына жарыяланды.
"Бир жол — бир алкак" демилгесинин алкагында биргелешкен ишмердүүлүктүн натыйжасында ЕАЭБ мамлекеттери 24 миллиард долларлык инвестиция камсыздап алышты. Көлөм барган сайын өсүүдө. Бул долбоорлор биримдик өлкөлөрүнө эле эмес, Кытайдын өзүнө да пайдалуу. Биздин биргелешкен долбоорлорубуз бар. Балким алар туурасында азыр айтыш эртелик кылар. Бирок келишимдерге кол коюлат, экономикалык ишмердүүлүктүн мүчөлөрүнүн ортосунда байланыштар түзүлөт, өкмөттөр менен ар кыл министрликтердин, ведомстволордун түз иштешкен жетекчилери жолугат", — деген Путин.
Президент кызматташуунун багыттарынын бардыгын санаган эмес, бирок келечектүү экендигин белгилеген.
"Мен Россия өкмөтүнүн сунуштары менен таанышып чыктым. Баары тыкыр жазылган. Ар бир долбоордо бир эмес бир нече, балким, он жыл алдыга иштей тургандай белгиленген. Андыктан мен кесиптештерим менен байланыштар кошо камтылган жакшы нерселерди күтүп жатам", — деген Россия лидери.