ӨКМге Россиядан Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды

Орунбеков өзгөчө кырдаалдар тармагында колдонулуучу техника улам жаңыланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Россиядан Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынганын өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак
Анын айтымында, саамалык эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында болгон.
"Тик учак бардык аппараттары менен алынды. Лебедка, кычкылтек аппараты, медициналык модуль, өрт өчүрүүчү шайманы, жүргүнчү отургучтары, эки капталында кошумча май бактары, жаңыртылган күчтүүрөөк кыймылдаткыч коюлган", — деди Орунбеков.
Ал өзгөчө кырдаалдар тармагында колдонулуучу техника улам жаңыланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын белгилеген.
Эскерте кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга 12-октябрь күнү расмий сапар менен келип, 13-октябрда КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышкан.
Нарын: РФ берген өрт өчүрүүчү, куткаруучу техникалар райондорго тапшырылды. Сүрөт