БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстанда психикалык жактан жабыркаган 51 207 адам каттоодо турат. Бул туурасында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору билдирди.
Анын ичинен 21 551и – аялдар, ал эми 29 656сы – эркектер. Мындай оорулар менен жабыркаган эркек кишилер аялдарга караганда 8 105ке көп экени байкалган.
Учурда өлкөдө психикалык оорулар жана психикалык активдүү заттарды колдонуунун ден соолукка тийгизген кесепети тууралуу калкка маалымдоо боюнча бир айлык жүрүп жатат. Анын девизи “Психикалык саламаттык — адамдын универсалдуу укуктарынын бири” деп аталат.
Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жер жүзүндө жүзүндө 450 миллиондон ашык адам психикалык же неврологиялык оорулар менен жабыркайт.