БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстан 2023-жылдын январынан августка чейин 724,3 килограмм күмүш экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Бул көлөмдүн бардыгы Гонконгго (Кытайдын атайын административдик округу) жөнөтүлгөн. Жалпы баасы 794 миң долларды түзгөн.
Кыргызстан негизи чет өлкөлөргө күмүштү чоң көлөмдө сатып келген (мисалы, 2020-жылы – 12 тоннадан ашык), бирок соңку кезде экспорт төмөндөй баштады (2021-жылы – 3,8 тонна, 2022-жылы – 707 килограмм).
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылы күмүштүн баары июль айына чейин сатылып бүткөн. Ал эми жаңы маалымат боюнча, алгачкы төрт айда сатылган. Жыл соңунда экспорт болгон эмес.