БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун Регионалдык коркунучтар жана коопсуздук борборунун кызматкери Асан Ахматов Түрк мамлекеттери уюмунун ЖМК жана маалымат боюнча жумушчу тобунун 10-жыйынында гибриддик коркунучтар менен кантип күрөшүү керектигин түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, гибриддик согуштардын кесепети кейиштүү, мамлекет ичиндеги чыр-чатакты күчөтүп, өкмөткө болгон ишенимге доо кетирип, ал тургай бийликке альтернативдүү борборлордун түзүлүшүн шартташы мүмкүн. Мындан тышкары, туура эмес маалымат тарап, коомдук пикир манипуляцияланып, социалдык чыңалууну күчөтөт, чыр-чатактарды жаратып, жарака пайда кылат. Ахматов инфраструктурага жана улуттук коопсуздукка сокку урууга дарамети жете турган киберчабуулдар да стабилдүүлүктү кыйратып, коомчулукка оор залал келтирерин белгиледи.
"Гибриддик согуштарга кантип каршы туруу керек? Киберкоопсуздукту чыңдоо зарыл. Маалыматтык сабаттуулукту да жогорулатуу олуттуу мааниге ээ. Гибриддик согуштарга коомчулукту маалыматтын чын-жалганын айырмалай билүүгө даярдоо жана үйрөтүү менен да каршы тура алабыз. Маалыматты анализдей алган коомчулук манипуляция менен жалган маалыматка көбүрөөк туруштук бере алат", — деди Ахматов.
Эксперттин айтымында, дагы бир маанилүү учур — гибриддик коркунучтар менен күрөшүү үчүн жалпы стратегия иштеп чыгуудагы эл аралык кызматташуу. Мында эл аралык форумдар уюштурулуп, мыкты тажрыйбалар менен алмашып, ыкчам реакция жасоо үчүн өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу каралганы белгиленди.