Кош максатта колдонула турган товарларды идентификациялоого жеке тараптарга уруксат берилүүдө. Бул тууралуу Азамат Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзамда көзөмөлгө алынуучу улуттук тизме бекитилген.
"КРдин экспорттук контролдоо жөнүндө" мыйзамдын алтынчы пунктунда алты тиркемеден турган улуттук тизме бекитилген. Ал адамдын, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн ооруларын козгогон микроорганизмдерди, токсиндерди, химиялык курал үчүн колдонула турган заттарды, ядролук материалдарды ж.б. кош багытта колдонула турган технология, материалдарды камтыйт. Ошондуктан бул тизмеге киргендердин баары тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөнүшү керек. Башкача айтканда, кайсы бир товар тынчтык үчүн гана колдонула турганы боюнча бүтүм чыгарылышы зарыл. Мисал үчүн дүрбүнү алалы. Анын айрым түрлөрү согушта дагы колдонулушу ыктымал. Мына ошол дүрбү сыртка чыгарыла турган болсо, атайын экспертиза ал товар, мисалы, кой кайтарганга колдонулат же оюнчук дүрбү экенин айтып, согушта колдонулбай турганын тастыктап бериши керек. Ал үчүн тиешелүү идентификация жүргүзүлүшү шарт. Бул кызматты мурда Экономика жана коммерция министрлиги жүргүзүп келген. Бирок эл аралык тажрыйба боюнча аталган кызматты жеке жактар дагы жүргүзө алышат. Ошондуктан идентификацияны жүргүзүүгө жеке тараптарга уруксат берилүүдө. Ал эми мындай органды дал ушул тармактардын бирөөндө тажрыйбалуу адис, КР жараны ача алат. Ошондуктан квалификациялык адистери болушу шарт. Азыркы тапта эки-үч компания өтүнмө тапшырып, каралууда", — деди Мураталиев.
Ошондой эле бул багыттагы мыйзамдар эл аралык нормаларга туураланып жатканын кошумчалады.