ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Ушул жылдын январынан августка чейинки аралыкта Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 3,2 пайызга өстү.
ЕЭКтин маалымат кызматы белгилегендей, кайра иштетүүчү өнөр жайдагы өндүрүштүн көлөмү кыйла өстү (6,6 пайыз).
Өлкөлөр боюнча алганда:
Беларусь — 7,9 пайызга өстү;
Казакстан — 3,8 пайызга өстү;
Россия — 3 пайызга өстү;
Кыргызстан — 0,3 пайызга өстү;
Армения — 0,1 пайызга төмөндөдү.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 15%га кыскарды