Чүйдө үч автоунаа кагышып, эки адамдын өмүрү кыйылды

Жол кырсык кечээ түш оой болгону, каза тапкан жүргүнчү аял киши экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Токмок шаарынын тушундагы айланма жолдо үч автоунаа кагышып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган башкармалыктан билдирди.
Кырсык 15-октябрь күнү саат 15:39 чамасында катталган.
"Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 57-чакырымында Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу батыштан чыгышты көздөй бара жатып каршы тилкеде келе жаткан Toyota Vitz автокөлүгүнүн сол капталын чийип өтүп, андан соң анын артында келе жаткан Honda Accord менен кагышкан. Hyundai Avante автокөлүгүнүн айдоочусу менен бир жүргүнчүсү оор жаракат алып, Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ооруканадан көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалымат булактар көз жумган жүргүнчүнүн аял экенин айтышты.
Ал эми берки эки машинанын айдоочулары, жүргүнчүлөрү ооруканага кайрылганы кошумчаланды.
Бишкекте үлпөт тойдун кортежиндеги Gelandewagen оодарылып калды. Видео