Бишкекке дагы 58 жаңы автобус алып келинди. Сүрөт

Коомдук транспорт 85 адамды ташууга ылайыкташылган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкекке дагы 58 жаңы автобус алынып келгенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Автобустар Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кытайдын Golden Dragon заводунан алынган

2 / 2

Салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган

Билдирмеге караганда, автобустар Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кытайдын Golden Dragon заводунан алынган.
"Коомдук транспорт 85 адамды ташууга ылайыкташылып, 29 орундугу бар. Эки орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган. Салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган", — деп айтылат кабарда.
Мэрия жүргүнчүлөргө кайрылып, жол кире акысын накталай эмес төлөм аркылуу жүргүзүүнү эскертти.
Мэрия Бишкекте жол кирени 20 сомго көтөрүүнү сунуштап, себебин тизмектеди