Ысык-Көлдө Азербайжан сала турган беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды

Эс алуу жайы үчүн министрлер кабинети Кара-Ой айылынан 17 гектар жер бөлүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бүгүн Ысык-Көлдө Азербайжан сала турган беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Ал заман талабына ылайык, бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен мейманкана болорун президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирип, келишим түзүлүп жаткан видеону жарыялады.
Туманбаев Кыргызстандын жаратылышы туристтик потенциалы жагынан бир катар өлкөдөн алдыда турарын, бир эле учурда төрт мезгилди көрүүгө болорун белгилеген.
"Акыркы эки жылда курулуш тармагы жанданды деп айтсам болот. Анын катарында эс алуучу жайлар, коттедждер, 5 жылдыздуу мейманканалар курулуп, оңдолуп жатат. Кыргызстан мындан ары мыйзам үстөмдүк кылган, ар бир жаран тартипке баш ийген, туристтер жана инвесторлор үчүн эң коопсуз өлкөгө айланат", — деп жазды Туманбаев.
Эске салсак, министрлер кабинети Азербайжанга мейманкана куруу үчүн Кара-Ой айылынан 17 гектар жерди мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен 49 жылга бөлүп берген. Анын 12 гектарына курулуш түшсө, төрт гектары парк, бир гектары пляж болот.
Өкмөт пансионатка чейинки жолду куруп, мейманкананы 10 жылга чейин салыктан бошотуу милдетин алары айтылган. Азербайжан үч жылдын ичинде мейманкананы куруп бүтүшү керек, жумушчуларынын 70 пайызын жергиликтүү тургундар түзүшү кажет.
Кыргызстандын ички дүң продукциясы 4,2%га өстү. Кайсы тармак өнүгүүдө