Байден Жакынкы Чыгыштагы чатакты жөндөп, РФти басып коёрун кыялданып...

Экинчи мөөнөт менен президенттик шайлоо тууралуу сөз кылган Байден Европанын биригиши Россияны "жүдөтөрүн" айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ок. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден CBS телеканалына берген маегинде президенттик экинчи мөөнөтүн кыялданып, аткара турган иштерин тизмектеген. Жакынкы Чыгыштагы чатакты жөндөп, Россия жетекчисин "басуу" тилеги туурасында айтканын РИА Новости жазды.
"Мен аттанып (президенттикке — ред.) жатканда дүйнө бурулуштун учурунда турат деп айтканмын", — деген Байден.
Ал дүйнөдөгү жана АКШдагы кризистерден, көйгөйлөрдөн улам функциясыз калган өкүлдөр палатасы аны кайрадан президенттик шайлоого катышуу чечимин өзгөртө албагандыгын айткан. Америка лидери "дүйнө өзгөрүп" жаткандыгын билдирген.
"Бирок бизде жасоого мүмкүнчүлүк бар. Жакынкы Чыгышты тынчтык нугуна салууга жетишип калганыбызды элестетсеңиз. Аны жасай алабыз деп турам", — деп кошумчалаган Байден.
Палестин-израиль чатагы 7-октябрда жаңы өңүтүн алып, тирешүү күчөп, кан төгүлдү. Газа секторунда каза тапкандардын саны эки миң адамга, ал эми Израиль тараптагылардыкы миң кишиге чукулдап барды. Эки жактан тең бир нече миң жаран жаракат алды.
Россия президенти Владимир Путин аталган аймактагы трагедияны АКШнын Жакынкы Чыгыштагы алысты көрө албаган ийгиликсиз саясатынын кесепети деп атаган.
Экинчи мөөнөт менен президенттик шайлоого катышуу ыктымалдыгы тууралуу сөз кылган Байден Европанын биригиши Россияны "жүдөтөрүн" айткан.
"Элестетсеңер, бүткүл Европаны бириктирип туруп, акыры Путинди башкаларга көйгөй жарата албай калгандай кылып басып коёбуз", — деген Байден.
Ал оптимисттик маанай менен "дүйнөнү жакшыртууга эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрү" бар экенин кошумчалаган.
Трамп президенттик шайлоодо Байденди кыйла артта калтырарына ишенет