БАЭ Кыргызстанга жаштардын футбол академиясын курушу ыктымал

Жолугушууда Ысык-Көл облусунда күн фотоэлектр станциясынын курулушу тууралуу да сөз болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. БАЭ Кыргызстанга жаштардын футбол академиясын салышы ыктымал. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына болгон сапарында БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Аль-Мазруи менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Өкмөт башчы аталган өлкөгө Соода жана өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышуу үчүн барган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына болгон сапарында БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Аль-Мазруи менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн
"Жолугушууда тараптар Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн негиз боло турган "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" биргелешкен холдингинин ишмердүүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле жаштардын футбол академиясын куруу долбоорун талкуулап, эмирликтин министрине эскиз жана долбоордун эсеби берилген", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Жапаров жана Сухейл Аль-Мазруи энергетика, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашкан. Тагыраагы, "Масдар" компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунда күн фотоэлектр станциясынын курулушу тууралуу сөз болгон. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду тездетүү боюнча макулдашууга жетишилгени кошумчаланды.
Радио
Өлкөдө "Барселона" академиясынын ачылышы Борбор Азиядагы футболдун өнүгүшүн шарттайт