17-октябрга карата аба ырайы

17-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 14 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik Шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас аймагында +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл өрөөнүндө +12...+17, Нарын жергесинде +14...+19 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +17...+19, Ош шаарында +19...+21 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көлдө Азербайжан сала турган беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды