Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украинанын контрчабуулу аксабай эле толугу менен ишке ашкан жок

Венгриянын ТИМ башчысынын билдирүүсү да Россия лидеринин пикири менен дал келүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Украинанын контрчабуулу ишке ашкан жок. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин Павел Зарубиндин “Россия 1” телеканалындагы “Москва. Кремль. Путин” программасына берген маегинде билдирди.
Журналист атайын аскердик операция зонасындагы кырдаал тууралуу сурап жатып Киев контрчабуул аксап жатканы тууралуу айтканын белгилеген.
“Контрчабуул тууралуу айта турган болсок, ал аксап жатат дешүүдө, анысы толугу менен ийгиликсиз болду. Ошентсе да өзүнчө белгиленген тилкелерге украин тарап чабуул коюуга активдүү даярданып жатат. Биз баарын көрүп турабыз, демек, өзүнө жараша чара көрбүз”, — деп жооп берди Путин.
Ал арада Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто дагы контрчабуул ишке ашпаганы тууралуу билдиргенин РИА Новости жазды.
“Россияга карата санкциялардын кеспети кимге көбүрөөк — бизге же Москвага тийип жатканын талкуулашыбыз керек. Россияны экономикалык жактан чөгөлөтүү максатына жеттиби, ошону карашыбыз керек. Натыйжада андай болбой жатат”, — деди Сийярто.
Ошондой эле министр учурда бул маселе Европа биримдигинде талкууланбай жатканын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Индияда Зеленскийдин кийинки кадамы бир топ опурталдуу болору болжолдонду