Израиль Газаны жок кыла турган JDAM бомбаларын таштаганы жатат

Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Израиль Газага авиациялык JDAM бомбалары менен сокку урууну пландап жатат. Мындан улам шаар жекшемби же дүйшөмбү күнү толугу менен жок болушу ыктымал. Бул тууралуу америкалык журналист Сеймур Херш Substack платформасындагы колонкасында ишенимдүү маалымат булакка таянып жазган.
“Эгер JDAM менен сокку урууга уруксат берилсе, бомба жекшемби же дүйшөмбү күнү ташталат. Мында жарандык коом Газадан жана сектордун түштүгүнөн күчкө салып айдалат”, – деп жазды Херш.
Журналист белгилегендей, Израиль чек арада күтүп турган миллиондон ашык качкынга Египетке кошулуп чатырларды тигүүнү каржылоого катышууга Катарды көндүрүүгө аракет кылууда. Анын маалыматына караганда, Каир буга макул болушу мүмкүн.
7-октябрда Израилге Газа сектору тараптан чабуул жасалганы боюнча маалыматтар тараган. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Акса топон суусу", ал эмиИзраиль тарап "Темир кылыч" деп атады.
Израиль мурдараак Газа секторунун блокадада каларын жарыялап, суу, электр кубаты, дары-дармек жана отун берүү токтотулган.
Азыр эл аралык уюмдар коңгуроо кагып Газа секторундагы адамдарга жардам берүү зарылдыгын айтып жатышат.
Азыр эки жактан тең каза тапкан жай жарандардын саны миңден ашканы, андан сырткары, бир нече миң палестиналык, израилдиктер жаракат алганы айтылууда. Соңку маалыматтарда ХАМАСтын колунда 150гө чукул израилдиктин туткунда турганы кабарланган.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
ХАМАС эки шарт менен туткундарды бошотууга макул болгонун ЖМКлар жазды