ЖМК: аба ырайынан улам Израиль армиясы Газага басып кирүү операциясын жылдырды

Чабуул ушул дем алыш күндөргө пландалган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Израилдин армиясы жер аркылуу жүргүзө турган операциясын жылдырды. Бул туурасында New York Times билдиргенин РИА Новости жазды.
Аталган өлкөнүн коргонуу армиясынын жогорку кызматтагы өкүлү жашыруун пландын айрым маалыматтарын гезитке бөлүшкөн.
Басылма жазгандай, чабуул ушул дем алыш күндөргө пландалган. Бирок аба ырайынын бузулганына байланыштуу токтотулган. Себеби жердеги аскер күчтөрүн абадан коргоп туруу үчүн израилдик учкучтардын жана дрондорду башкарган операторлордун ишине күндүн бүркөлүп турушу кыйынчылык жаратмак.
Ошого карабай Израилдин аскерлери Газа секторунун аймагына жакынкы күндөрү чабуул жасоого даярданууда. Жөө аскерлерден сырткары танкаларды, артиллерияларды, авиацияны, сапер жана атайын даярдыктагы отряддарды тартууга белсенүүдө. Максаты — Газа шаарын басып алып, жетекчилерин жок кылуу. Бирок эгер Израиль шаарды көзөмөлүнө алса, анда эмне кылары так эмес. New York Times бул операция Израилди бир нече айга созулган кандуу кагылышка кептеши мүмкүндүгүн жазды.
АКШ Израилди сатып кетти. Башка союздаштары да камына берсе болчудай...