2000-жылдардын башында Кыргызстанда кикбокстун гүлдөп турган учуру болгон. Жадагалса кикбоксчулар эл аралык мелдештерге жеке самолёт менен учкан учурлар кездешкенин Авазбек Аманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, спортту баштап жаткандардын баары олимпиадалык спорттун түрлөрүн тандап кеткени туура эмес.
"2000-жылдардын башында Кыргызстанда кикбокстун гүлдөп турган учуру болгон. Жадагалса кикбоксчулар эл аралык мелдештерге жеке самолёт менен учкан учурлар кездешкен. Эгерде азыр дагы ушундай колдоо, көмөк болсо, мындан да жакшы ийгиликтер болот. Ага карабастан кыргызстандык кикбоксчулар эң ири делген турнирлерге өлкө атынан чыгып, дүйнөнү багындырып жатышат. Эмгек бааланып, мамлекет акчалай жардам көрсөтсө стимул, мотивация болот. Негизи спортту баштап жаткандардын баары олимпиадалык спорттун түрлөрүн тандап кеткени туура эмес. Спорт ар тараптуу өнүгүп турушу абзел", — деди Аманбеков.
Ошондой эле спортчу жаш муунду сергек жашоого үндөөдө, дени сак улутту жаратууда спорттун маанилүүлүгүн эске алып, аны туура багытта колдонуу керектигин кошумчалады.