Украинада уйку жок. Израилдеги кырдаал Батыштын багытын буруп кетишине түйшөлүүдө

Буга чейин Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби АКШ Украинага өмүр бою аскердик жардам көрсөтө албай турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Израиль-Палестина согушу күч алышынан улам Батыштын колдоосунан ажырап калбоого аракеттенүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн мурдагы премьер-министри Николай Азаров билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

"Зеленский Израилдеги кырдаалды Батыш Украинаны колдоп туруудан жүз буруп кетпеши үчүн колдонуп калууга аракет кылып жатат. Ал еврей маселесине баш салуу менен өзүнө эптеп бир нерсе өндүрүүнү каалайт, албетте, бул жерде экинчи айтылган нерсе ага маанилүү", — деген Азаров.

Буга чейин Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби АКШ Украинага өмүр бою аскердик жардам көрсөтө албай турганын айткан.

Палестина-Израиль чыры

7-октябрда Израилге Газа сектору тараптан чабуул жасалганы боюнча маалыматтар тарады. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген дешүүдө. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Акса топон суусу", ал эми Израиль тарап "Темир кылыч" деп атады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет. Азыр эки жактан тең каза тапкан жай жарандардын саны миңден ашканы, андан сырткары, бир нече миң палестиналык, израилдиктер жаракат алганы айтылууда. Соңку маалыматтарда ХАМАСтын колунда 150гө чукул израилдиктин туткунда турганы кабарланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЦРУнун экс-агенти: Зеленский Батыштын позициясынан улам айласын таппай турат