Ош шаарында тургундарды санарип системага каттоо жүрүп жатат. Артыкчылыктары

Шаардыктарды каттоого алган мекемелер эртең мененки саат 8:00дөн түнкү 12.00гө чейин иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ош мэриясы калаа тургундарын жана үй чарбасын санарип аймак маалымат тутумуна каттоо зарылчылыгын эскертти.
Маалыматка ылайык, 20-октябрга чейин ар бир муниципалдык аймактык башкармалыкта электрондук системага каттоо иштери жүргүзүлөт.
Тутумга кирүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
Паспорт жана үй-бүлө мүчөлөрдүн өздүгүн тастыктаган документтеринин көчүрмөсү;
Үйдүн тиешелүү документтери: техникалык паспорт же кызыл китеби;
Эгерде жашап жаткан үй же батир жеке менчигинде болбосо турак жай ээсинин макулдугу менен катталса болот.
"Каттоодон кийин акысыз жана ыкчам түрдө уюлдук телефон аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматтары менен пайдалануу жеңилдейт. Тагыраагы, билим берүү, медициналык, социалдык, финансылык, коммерциялык мекеме-ишканалары маалым кат талап кылбай калат", — деп билдирди мэрия.
Ар бир жаран өздөрү жашаган муниципалдык аймактык башкармалыктардын имаратында эртең мененки саат 8:00дөн түнкү 12ге чейин каттоодон өтө алат.
Өкмөт бир нече документти онлайн түрүндө берүүнү демилгеледи. Мыйзам долбоор