Нарын шаарынын жаштары жалгыз бой энеге үй алып беришти. Сүрөт, видео

Нарын шаарында 1995-жылы туулуп, чоңойгон жигиттер жалгыз бой энеге үй алып беришти
Үйлүү болгон аялдын балдарынын биринин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Нарын шаарында 1995-жылы туулуп, чоңойгон жигиттер жалгыз бой энеге үй алып беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз маалымдады.
Жаштар мектепти аяктагандыгынын 10 жылдыгына карата акча топтошкон. Чогулган 500 миң сомго там сатып алышкан. Алар үйдү оңдоп-түзөп, тиричилик буюмдарын орнотуп, Нарын шаарынын жашоочусу, жалгыз бой эне Мадина Курманалиевага тапшырышты.
Курманалиева эки баланын энеси, улуусунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Буга чейин таякесинин эски үйүндө жашап келишкен.
Колдоого аларлык жакшы иш Нарын шаарында туулган муундар арасында уланып келе жаткан "Ынтымак" эстафетасынын алкагында жүзөгө ашкан. Саамалыкты улантуу максатында жигиттер "Ынтымак" эстафетасын Нарын шаарында 1996-жылы туулган жаштарга өткөрүп беришкен.
Нарын шаарынын 1980-1990-2000-жылкы муундары калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн экөөнү ак өргөөлүү кылышты
Нарын шаарынын жаштары эки үй-бүлөнү турак жайлуу кылышты. Сүрөт