Кыргызстан 8 ай ичинде 8,7 тонна алтын сатты. Кимдер алды?

Экспорттун жалпы суммасы 545,2 миллион долларды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ушул жылдын январь айынан августтун соңуна чейин Кыргызстан 8 тонна 717,4 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу көрсөткүчтөр Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Анда белгиленгендей, жалпы суммасы 545,2 миллион долларды түзгөн.
Кардар өлкөлөр:
Швейцария — 7 тонна 151,3 килограмм;
Кытай, Гонконг — 983,3 килограмм;
БАЭ — 582,7 килограмм.
2022-жылдын тиешелүү мезгилине карата өлкө чет мамлекеттерге 65,4 килограмм алтын саткан, ал эми өткөн жылдын жыйынтыгы менен ал 290,5 килограммды түзгөн.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында алтын экспорттолгон эмес, сатуу март айында башталган.
Улуттук банктын алтын корунун наркы 91 миллиард сомдон ашты