БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Спорттук күрөш боюнча курама команда дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлады.
23 жашка чейинкилер арасында өтө турган таймаш 23-октябрдан 29-октябрга чейин болот.
"Кыргызстандын грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы дүйнө биринчилигине катышуу үчүн Албаниянын Тирана шаарына барышат", — деп айтылат маалыматта.
Эркин күрөш боюнча курама команданын тизмеси:
Бекзат Алмаз уулу — 55 кг;
Тайырбек Жумашбек уулу — 61 кг;
Аден Сакыбаев — 65 кг;
Орозобек Токтомамбетов — 70 кг;
Мухаммад Абдуллаев — 86 кг;
Каныбек Абдулхаиров — 97 кг.
Машыктыруучулар:
Сүймөнкул Таабалды уулу, улук машыктыруучу;
Руслан Мажинов, башкы машыктыруучу;
Ислам Тазабеков, улук машыктыруучу.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
Арууке Кадырбек кызы — 55 кг;
Бермет Нуридин кызы — 57 кг;
Калмира Билимбек кызы — 59 кг;
Гүлнура Таштанбекова — 68 кг;
Башкы машыктыруучусу — Нурбек Изабеков.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
Улан Муратбек уулу — 55 кг;
Нурмухаммед Абдуллаев — 60 кг;
Баяман Каримов — 63 кг;
Эрмек Каныбек уулу — 67 кг;
Адилхан Нурланбеков — 72 кг;
Ырыскелди Максатбек уулу — 77 кг;
Асан Жанышов — 87 кг;
Аркыт Орозбеков — 97 кг;
Машыктыруучулары:
Улукбек Карачолоков, улук машыктыруучу;
Азат Эркимбаев, башкы машыктыруучу;
Арсен Эралиев, улук машыктыруучу.