Бишкектеги КМШ саммити

КМШ өлкөлөрү туруктуу көп полярдуу дүйнөнү түзүүнүн маанисин белгилешти

КМШ саммити кечээ, 13-октябрда, Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы менен өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн башчылары туруктуу көп полярдуу дүйнөнү калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Бул тууралуу Бишкекте өткөн саммитте президенттер кол койгон биргелешкен билдирүүдө айтылат.
“Биз туруктуу көп полярдуу дүйнөлүк тартипти түзүүнүн маанилүү экендигин белгилейбиз”, — деп айтылат документте.
Билдирүүгө ылайык, көп полярдуу дүйнөлүк тартиптин калыптанышы “мамлекеттердин жана алардын бирикмелеринин эркин жана ийгиликтүү ички өнүгүүсү, өз ара пайдалуу, тең укуктуу жана бири-бирин урматтаган эл аралык кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет”.
“Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоодо кош стандарттын болбошун жактаган адилеттүү дүйнөлүк тартиптин түзүлүшүнө кызыкчылыктын өсүп жатканын белгилейбиз. Дүйнөлүк тартип бардык мамлекеттердин коопсуздугун, алардын маданий жана цивилизациялык өзгөчөлүгүн сактоону, географиялык абалына, аймагынын чоңдугуна, демографиялык потенциалына карабастан ар тараптуу өнүгүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кепилдейт, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин камсыз кылат”, — деп айтылган билдирүүдө.
Ошондой эле билдирүүдө КМШ лидерлери бир тараптуу чектөө чараларына, башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө каршы чыгып, эл аралык адилеттүүлүктү саясатташтыруу аракеттерине тынчсызданары айтылат.
КМШ саммити кечээ, 13-октябрда, Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында өттү. Ага Россия, Беларусь, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын президенттери катышты.
Бишкектеги КМШ саммити
Путин Бишкекте саммиттен соң маалымат жыйын берди. Урунттуу учурлар