Айрым адамдар саясатка кеткен соң, дипломат болгондон кийин ырдабай эле койбойсуңбу дешет. Мен чыгармачылыктан кандай болгон күндө да кетейин деген оюм жок. Бул тууралуу Ибрагим Жунусов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик ишмер болгон соң сахнага чыкпаганы менен жаңы ырларды жаратып турат.
"Ушул акыркы концертим, мен чыгармачылыктан кетем" дегендерди түшүнбөйм. Чыгармачылыктан кетип калуу мүмкүн эмес да. Мен эч убакта андан өзүмдү алыстаткан эмесмин, болгону саясий ишмер болуп калган учурда сахнага чыгып ырдоого болбойт. Ага карабай 60 жашымда улуттук филармонияга концерт берем деп ТИМден уруксат алып даярданып жатканда Баткен окуясы болуп кетип өткөрбөй калганбыз. Элчи болуп жүргөн учурумда деле дос-туугандар суранса, жакшылык тойлорго конок болуп барып калганда музыкасы жок эле ырдап койчумун. Бир ирет Түркия президенти "Эламан" деген ырды жакшы көрөрүн айтып, аткарып бердим эле. Ал интернетке тарап кеткен. Бул элчи болуп туруп эмне ырдап жүрөт дегендер болгон. Менин пикиримде, ишке залакасын тийгизбей, чыгармачылык менен алектене берсе болот. Сегиз жыл мекенден алыс жашаган учурда деле мен сахнага чыкпаганым менен обон жаратып, ыр жазуумду токтоткон жокмун. Көптөгөн белгилүү ырчылар аткарып жүргөн чыгармаларды жараттым. Өзүм азыр да ырдайм, кээде түшүмдө ырдайм, ойгонуп кетсем чынында эле кыңылдап обон созуп жаткан болом. Чыгармачылык мына ушундай өзүнө арбап турат да, андан кетүү мүмкүн эмес", — деди Жунусов.
Ал азыркы күнгө чейин Эламан аттуу жигиттер үйлөнүп, тоюна чакырган учурлар кездешерин кошумчалады.