Бишкекте 4700 сомдон көмүр сатыла баштады. Дареги

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкекте Дэн Сяопин, 306Б дарегинде 4700 сомдон көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Аталган жерде 800 тонна көмүр бар экени кошумчаланды. Ишкана ошондой эле жакынкы күндөрү ушундай эле баада төмөнкү даректерде дагы көмүр сатыла турганын билдирди:
Мурманский көчөсү, 126;
Алыкулов көчөсү, 6Б;
Айланма жол — Алматы көчөлөрүнүн кесилиши;
Төмөнкү Ала-Арча айылы (Курманалиев көчөсү).
Энергетика министрлиги электр кубатын үнөмдөөнүн 6 ыкмасын эскертти