КР менен РФтин билим берүү министрлери КРСУнун Археологиялык музейине барды. Сүрөт

Музейде диний баалуулуктарга тийиштүү табылгалар, мисалы, Будданын эстелиги, христиан жана ислам диндерине тийиштүү буюмдар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрлери Кыргыз-Россия Славян университетинин Археологиялык музейи менен таанышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрлери Кыргыз-Россия Славян университетинин Археологиялык музейи менен таанышты

2 / 3

Музейге Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков барган

3 / 3

Музейде диний баалуулуктарга тийиштүү табылгалар, мисалы, Будданын эстелиги, христиан жана ислам диндерине тийиштүү буюмдар бар

Музейге Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков барган.
“Мында Ысык-Көлдүн түбүнөн табылган 2,5 кылымга тете мезгилдик буюмдар, университеттин окумуштууларынын археологиялык изилдөөлөрү жана башка байыркы дүйнөлөрдүн кызыктарына күбө болууга болот”, — деп айтылат маалыматта.
Музейде диний баалуулуктарга тийиштүү табылгалар, мисалы, Будданын эстелиги, христиан жана ислам диндерине тийиштүү буюмдар бар.
“Мунун өзү Ысык-Көл аймагы аркылуу Улуу Жибек Жолу өтүп, тогуз жолдун тоому аталган цивилизациянын очогу болгонунан кабар берет”, — деп айтылган маалыматта.
Кыргыз-Россия Славян университети суу түбүнөн археологиялык изилдөө жүргүзгөн жалгыз окуу жайы экени кошумчаланды.
Ошто Кыргызстан менен Россия ректорлорунун форуму кандай өттү? Видео