Балыкчыда ЖККУ машыгуусунун активдүү фазасы башталды

Мында аскер кызматкерлери Борбор Азиядагы тынчтыкты сактоо боюнча операцияны даярдап, аны жүргүзүүгө даярдыкты көрсөтүшү кажет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө ЖККУнун "Бузулбас боордоштук" машыгуусунун активдүү фазасы башталды.
Тынчтык орнотуучу күчтөрдүн аракети менен даярдыгына Кыргызстан жана Тажикстандын коргоо министрлери Бактыбек Бекболотов менен Шерали Мирзо, ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Беларусь Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги, коргоо министринин орун басары Виктор Гулевич, ЖККУнун бириккен штабынын начальниги Анатолий Сидоров жана башка чакырылган коноктор көз салууда.
Машыгууга Кыргызстан, Россия, Беларусь, Тажикстан жана Казакстандын аскер күчтөрү катышып жатат. Мында аскер кызматкерлери Борбор Азиядагы тынчтыкты сактоо боюнча операцияны даярдап, аны жүргүзүүгө даярдыкты көрсөтүшү кажет.
Машыгууга авиация, сооттолгон танк жана автоунаа техникасы, аскер-транспорттук, истребителдик жана армиялык авиация, деңиз кемелери жана учкучсуз учкан аппараттар тартылган.
Ысык-Көлдөгү ЖККУнун машыгуусуна аскердик катерлер тартылды. Сүрөт