Бишкектеги КМШ саммити

Садыр Жапаровдун КМШ саммитин жыйынтыктаган сөзү

Кыргызстандын төрагалыгы учурунда уюм ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жаатта бир топ орчундуу иш-чаралар өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекте өткөн КМШ саммитинин жыйынтыгы менен пресса үчүн билдирүү жасады.
Эскерте кетсек, быйыл КМШ органдарына Кыргызстан төрагалык кылууда.
"Кыргызстан болгон аракетин уюм ишинин натыйжалуулугун арттырууга, КМШ мейкиндигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө жана мүчө мамлекеттерди чечимдерди кабыл алып, ишке ашыруу үчүн тартууга жумшады", — деди Жапаров.
Кыргызстандын төрагалыгы учурунда уюм ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жаатта бир топ орчундуу иш-чаралар өткөн. Артыкчылыктуу багыттардын сап башында экология жана айлана-чөйрөнү сактоо багытындагы кызматташууну илгерилетүү болду.
Президент кыргыз тарап КМШ алкагындагы кызматташуунун бардык багытына көңүл бурганын, анын арасында региондор аралык кызматташуу, коопсуздук, эл аралык террорчулук жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери бар экенин кошумчалады.
"Жыйында гуманитардык кызматташууну мындан ары да кеңейтүү жана тереңдетүүгө багытталган чечимдер менен макулдашуулар колдоого алынды", — деди Жапаров.
Эскерте кетсек, 2024-жылы КМШга Россия төрагалык кылат. Садыр Жапаров РФ лидери Владимир Путинге ийгилик каалады.
Бишкектеги КМШ саммити
Россия 2024-жылы КМШга төрагалык кылат. Путин эмнеге басым жасаларын айтты