Радио

Ибраев: эл аралык иш-чаралардын аймактарда өтүшүнүн артыкчылыгы көп

Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев Жалал-Абадда өткөн Россия-кыргыз регион аралык 10-конференциясынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
Sputnik
Эл аралык иш-чаралардын аймактарда өтүшүнүн артыкчылыктары көп. Мындай пикирин Данил Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абадда өткөн Россия-кыргыз регион аралык конференциясында миллиарддаган долларга келишимдер түзүлгөн.
"Иш-чаранын алкагында коюлган келишимдердин көпчүлүгү реалдуу секторго тиешелүү. Энергетика, соода-сатык, региондор аралык келишимдердин негизинде жакшы долбоорлор пландалууда. Мындан тышкары, өнөр жай кооперациясы, ЕАЭБдин алкагында интеграция боюнча кызыктуу пикирлер, сунуштар айтылды. Мисалга, Кыргызстандын өз спутниги болсун деген ниетте сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Адатта мындай эл аралык иш-чаралар борбор калаада же Ош шаарында уюштурула турган. Соңку убактарда аймактар дагы ири иш-чараларды өткөрө баштаганы кубантат. Анткени ишкерлер, инвесторлор аймактын потенциалы менен жеринен таанышууга мүмкүндүк түзүлүүдө. Маселен, ошол эле көмүрдү, сырьену кайра иштетүү багыттары россиялык ишкерлердин кызыгуусун жаратууда. Регион жетекчилеринин, бизнесинин бири-бири менен алака түзүүсүнө мүмкүндүк жаралышы мамилени жакшыртууга өбөлгө болот. Ошондой эле келген конокторду тосуп алуу, тейлөө боюнча ошол аймактын чакан ишкерлерине дагы пайдасы тийүүдө. Учурда дүйнөдө геоэкономикалык абал өзгөрүүгө душар болууда. Мындай жагдайда Кыргызстан бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуусу зарыл", — деди Ибраев.
Ошондой эле ал кызматташууну жакшыртуу үчүн эки өлкөдө тең потенциал бар экенин кошумчалады.