Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЦРУнун экс-агенти: Зеленский Батыштын позициясынан улам айласын таппай турат

Эскперттин айтымында, батыш өлкөлөрү Украинага делген жардамды Израилге жөнөтүп жебириши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Президент Владимир Зеленский Батыштын Украинадагы жаңжалга кызыгуусу төмөндөп жатканына тынчы кетүүдө. Бул тууралуу ЦРУнун мурунку агенти Ларри Жонсон Stephen Gardner YouTube каналынын эфиринде билдирди.
Буга чейин Зеленский Израилдеги окуяга Россиянын тиешеси бар экенин айтып, дал ушундан улам Батыштагы өнөктөштөр Украинага сууп баратканын белгилеген.
"Суу кечпеген кеп. Путинди күнөөлөп Зеленский көңүл чордонунда калууга жан үрөп жатат. Батыш дипломаттары менен саясатчылары аны XXI кылымдын Уинстон Черчилли деп жерге отургузбай бөпөлөгөн учуру да болгон. Азыр адашып калган кичинекей баланын кейпин кийди", — деди Жонсон.
Анын айтымында, араб-израилдиктердин чырынын курчушу Украинага делген жардамдын Израиль армиясына жөнөтүлүшүн шартташы мүмкүн. Жонсон муну Вашингтондун ок-дарысынын чектелүү экени менен түшүндүрдү. Ал эми мындай жагдайда Жакынкы Чыгыштагы союздаш мамлекет артыкчылыктуу болот.
Лавров: КМШ өлкөлөрү Израиль-Палестина чатагы боюнча орток пикирди карманат