Бишкектеги КМШ саммити

Путин Украинадан Жакынкы Чыгышка курал чыгып жатканы жөнүндө айтты

Россия лидери курал сатып алууну каалагандар көп экенин, ал эми Украинада анысатчулар бардыгын, көмүскө рынок ушундай жол менен түзүлөрүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Украинадан Жакынкы Чыгышка курал-жарак көмүскө рынок аркылуу барган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин КМШөлкөлөрүнүн саммитинин жыйынтыгы боюнча Бишкекте берген маалымат жыйында айтты.
"Украинадан курал сыртка чыгып жатканынан шегим жок. Өлкөдөгү коррупциянын деңгээли белгилүү – аябай күч алган. Көмүскө рынок ушундай жол менен түзүлөт, аны сатып алууну каалагандар көп, ал эми Украинада сатчулар табылат", — деди ал.
Путин Украинада сатса боло турган нерсенин баарын соодалашарын кошумчалады. Ошол эле учурда ал мындай чечимдер өлкө жетекчилигинин деңгээлинде кабыл алынарынан күмөн санай турганын белгиледи.
"Эгерде курал сатылса аны сатышат. Куралды Россияга сатат, өлкө ичинде да сатышса мен таң калбайм. Ал эми Африка, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү аркылуу эл аралык рынокко сатышары айдан ачык", — деп кошумчалады Путин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россия Украинадагы атайын операциянын бардык максатына жетет