БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Түркмөнстан башчысын "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.
Бердымухамедов бүгүн Бишкекте өтө турган КМШ өлкө башчыларынын жыйынына катышмакчы. Уюмга быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда.