БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортуна Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин учагы конуп, ардактуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Эскерте кетсек, ушуну менен келчү меймандар соңуна чыкты. Кечээ Кыргызстанга Россия, Азербайжан, Беларусь президенттери келсе, бүгүн Борбор Азия өлкө башчыларын тосуп алышты.
Жакын арада КМШ мамлекет башчыларынын саммити башталат.