Бишкектеги КМШ саммити

Шавкат Мирзиёев КМШнын Ардак белгиси менен сыйланды. Видео

Мирзиёев Жапаровго жана кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, сыйлык күтүүсүз болгонун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев КМШнын Ардак белгиси менен сыйланды.
Коңшу мамлекеттин башчысына сыйлыкты президент Садыр Жапаров тапшырган.
Сыйлык Өзбекстан лидеринин КМШнын өнүгүшүнө, кызматташтыгына жана достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн берилген. Өз кезегинде Мирзиёев Садыр Жапаровго жана кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, сыйлык күтүүсүз болгонун белгиледи.
"Чынында соңку жылдары биз Кыргызстан менен өтө көп нерселерге жетиштик. Эгер тарыхты карасак, 30 жылда мындай орчундуу маселелерди эч ким мойнуна алган эмес. Садыр Нургожоевичтин жана Өзбекстандын президентинин эрки менен көп маселелерди чечтик. Өзбекстан ар бир мамлекет менен көп жакшы жыйынтыктарга жетти", — деди Мирзиёев.
Белгилей кетсек, Бишкекте КМШ президенттеринин саммити өттү.
Күтүүсүз белек. Путин Жапаровго Ардак орденин тапшырган учурдун видеосу