БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду.
Президенттин маалымат кызматы документтердин тизмесин жарыялады. Алар:
КМШнын алкагында кызматташуу жөнүндө пикир алмашуу;
КМШга 2024-жылы төрагалык кылуу жөнүндө;
КМШга мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
КМШнын Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө;
Орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү жөнүндө келишим;
КМШга мүчө мамлекет башчыларынын санариптик технологиялар чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системаларын шайкеш келтирүү боюнча кызматташуу жөнүндө билдирүү;
КМШ өлкө башчыларынын көп полярдуу дүйнөдө мамлекеттер аралык мамилелердин принциптери боюнча билдирүүсү жөнүндө;
КМШ өлкө башчыларынын адамдын жана жарандын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын коргоо боюнча билдирүүсү жөнүндө;
КМШ өлкө башчыларынын орус тилин улуттар аралык баарлашуу тили катары колдоо жана өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү жөнүндө;
КМШга байкоочу статусу жана КМШнын Өнөктөш статусу жөнүндө;
Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоого) жана террорчулукту каржылоого тобокелдиктерди баалоо боюнча эл аралык борборду түзүү жөнүндө макулдашуу;
КМШ өлкөлөрүнүн соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө Координациялык кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуу;
2024–2028-жылдарга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасы жөнүндө;
Тынчтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн медалы жөнүндө;
Самарканд шаарын (Өзбекстан Республикасы) 2024-жылы Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө.
КМШнын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө:
2000-жылдын 21-июнундагы протокол менен бекитилген КМШнын Аткаруу комитети тууралуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол тууралуу;
КМШ органдарынын чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
КМШ мамлекет башчылар кеңешинин 2003-жылдын 19-сентябрындагы КМШга мүчө мамлекеттердин бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржылануучу шериктештик органдарынын бирдиктүү бюджетине үлүштүк төгүмдөрдү которуу боюнча милдеттенмелердин КМШга мүчө мамлекеттер тарабынан аткарылышы боюнча чаралар жөнүндө чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ.