Жалал-Абадда өткөн Россия-кыргыз аймактар аралык конференциясы абдан жемиштүү болду. Мындай пикирин Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 3,5 миллиард долларга жеткен.
"Россия Федерациясы абдан чоң. Анын кээ бир аймактарынын потенциалы абдан жогору экенине ушул конференциянын алкагында деле күбө болдук. Мисалы, Красноярскинин губернатору 1,5 триллион рубль инвестиция тартылганын айтты. Мындай зор региондордун Кыргызстандын облустары менен иштешүүсү өлкө үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүктү түзөт. Айыл чарбасында, өндүрүштө, туризм багыты боюнча ири долбоорлорду биргеликте ишке ашырсак болот. Өз кезегинде мындай кадамдар аймактардын өнүгүүсүн эле эмес, республиканын экономикасын көтөрүүдө да секирик болот", — деди Жекшенкулов.
Ал Россиядан келген ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер Жалал-Абад облусунун туристтик потенциалын жогору баалап, анын дары сууларына кызыгуулары артып жатканын кошумчалады.