Бишкектеги КМШ саммити

Путин: санкция, опузаларга карабай КМШда экономикалык байланыш кеңейүүдө

Путин Россиянын экономикалык түзүлүшү өзгөрүп жатканын айтып, мурда чет жактан көп көлөмдө алынган продукциялар азыр Россиянын өзүндө өндүрүлө баштаганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Санкция, коркутууларга карабай КМШнын алкагында экономикалык байланыш кеңейүүдө. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Бишкектеги КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммитинде билдирди.
"Батыш мамлекеттеринин санкциялык кысымы, Россия же Беларусь менен кызматташкандарга каршы санкцияларды колдонобуз деген опузаларына карабастан КМШнын ичинде экономикалык байланыш кеңейүүдө. Мунун баары биздин мамлекеттердин пайдасы, кызыкчылыгы үчүн жасалган нерселер", — деген Путин.
Анын айтымында, Россияда мамилелерди өнүктүрүү үчүн базалык шарттар бекемделүүдө.
"Россиянын экономикасында абал туруктуу. Бул жылы ички дүң продукциядагы өсүш үч пайызга жакын болот. РФ экономикасы үчүн бул жакшы жыйынтык", — деген ал.
Путин Россия экономикасынын түзүлүшү өзгөрүп жатканын айтып, мурда чет жактан көп көлөмдө сатып алынган продукциялар, азыр Россиянын өзүндө өндүрүлө баштаганын белгилеген.
"Инженердик борборлор түзүлүп, иштеп жатат. Бул КМШ чөлкөмүндөгү бардык мамлекеттердин экономикалык ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизет", — деген Россия лидери.
Бүгүн Бишкектеги КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити болуп жатат. Sputnik Кыргызстан иш-чаранын жүрүшүнөн түз алып берүүдө.
Бишкектеги КМШ саммити
Путин: КМШ кызматташуунун ишенимдүү форматы бойдон кала берет