Бишкектеги КМШ саммити

Россия 2024-жылы КМШга төрагалык кылат. Путин эмнеге басым жасаларын айтты

Путин санариптештирүү, энергетика, өнөр жай кооперациясы, экология жана башка тармактарда экономикалык кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурула турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Владимир Путин Россия 2024-жылы КМШга төрагалык кыларын айтып, анын алкагында Шериктештикке кирген өлкө элдеринин жашоо деңгээлин жогорулатууга басым жасаларын белгиледи.
Ал уюмга төрагалык кылуу учурунда Россия кандай артыкчылыктарга басым жасарын айткан. Россия КМШны интеграциялык бирикме катары аброюн мындан ары чыңдоо жана Шериктештиктин алкагында кызматташуу, ишеним, тең укуктуулук жана коңшулук принциптеринде ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жигердүү иштөөгө ынтызар.
"Биринчи кезекте биздин мамлекеттердин жарандарынын жашоосун жакшыртууга багытталган негизги маселелерди чечүү керек. Ал үчүн экономикалык, укук коргоо, маданий-гуманитардык багыт боюнча иш-чаралардын планы жана концепциясы даярдалды", — деген Путин.
Анын айтымында, адеп санариптештирүү, энергетика, өнөр жай кооперациясы, экология жана башка тармактарда экономикалык кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө көңүл буруу пландаштырылууда.
Бишкектеги КМШ саммити
Путин: санкция, опузаларга карабай КМШда экономикалык байланыш кеңейүүдө