Бишкектеги КМШ саммити

Путин: КМШ кызматташуунун ишенимдүү форматы бойдон кала берет

Ал Россия менен КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык байланышы кеңейип жатканын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. КМШ кызматташтыктын ишенимдүү, натыйжалуу форматы бойдон кала берет. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Бишкектеги КМШ өлкө президенттеринин саммитинде билдирди.
Путин өз сөзүндө Россия КМШ өлкөлөрүнүн азык-түлүккө болгон бардык муктаждыгын канааттандыра аларын белгилеген.
"Россия КМШ өлкөлөрүнүн азык-түлүккө болгон бардык муктаждыгын канааттандыра алат. Шериктештик кызматташтыктын ишенимдүү, натыйжалуу форматы бойдон кала бермекчи. Анын алкагында КМШга мүчө-өлкөлөр мамилелерди өнөктөштүк, өз ара пайда жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу принциптеринде гана түзүшөт. Бул дипломатиялык туюндурма сыяктуу көрүнгөнү менен анын артында биздин мамиле, иштерибиз турат", — деген ал.
Ал Батыштын санкцияларына карабай Россия менен КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык байланышы кеңейип жатканын кошумчалаган.
Бишкектеги КМШ саммити
Лукашенко саммитте КМШ эмне үчүн түзүлгөнүн эске салды